Өлкөдө малга 40 миллион сомдук эн белги сатып алуу боюнча тендер 2-октябрда жыйынтыкталат

Өлкөдө малга 40 миллион сомдук эн белги (бирка) сатып алуу боюнча тендер 2-октябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башчысынын орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

"Эн белги сатып алуу боюнча тендерге өлкөдөгү 25 компания катышууда. Арасында Кытай, Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү тендерге катышууга арыз беришкен. Ал 2-октябрда жыйынтыкталат. Тендердин жыйынтыгы чыгары менен бир жума аралыгында сатып алуулар башталат", - деп билдирди Жусупов.

Маалыматка ылайык, бирка сатып алуу боюнча буга чейин өткөрүлгөн тендер жараксыз деп табылган. Белгилей кетсек, өлкө боюнча 750 миң эн белги сатылып алынмакчы. Ал эми малды идентификациялоо менен этти чет өлкөлөргө, ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоого жол ачылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alixan-Nookat.2015
2016-09-19 13:47:41
Ана концерт
+1
avtogrand
2016-09-19 13:52:42
Ооба ооба өтө зарыл нерсе биз ушунчалык өнүгүп кеткенбизда. Койлорго качан алабыз. 40млн жетпейт 80млн керек болот.
+3
sabyr86
2016-09-19 14:04:15
Башкасын экспорттоп бүтпөдүкбү,канчалаган жер жемиштерди экспортодук.эмне кереги бар калп эле акча коротуп ушунун баарына.
+2
Khabib
2016-09-19 14:29:18
Пайдасы болгон учун 40мил сарптап жатса керек. Буга басым жасаган себеби бизде эттен башка эшнерсе жокта экспортогонго жок дегенде этти откоруп жанбагып туралы Кыргызым.
+4
aralbek
2016-09-19 14:33:36
Акча кылыш учун ар кандай концерттерди таба берсе болот экен да тендер азыр популярдуу бизнесе айланды кыргызстанда
+1
aianaaiana
2016-09-19 14:46:08
Ар бир эн белги 53 сомдон туура келет экен менде 20 сомдон бар аласыңарбы
0
Kenje87
2016-09-19 15:19:46
Кыргыздын эле шара тилик эн белгиси болот
0
edik-kg
2016-09-19 19:48:02
эх кызык элесинер а ушул акчага чек арага тикен зым албайсынарбы кичине жери болсода тосулуп калатко же акчанар ашып ташып атабы иииий куйгузосунорда
+1
omka100514
2016-09-19 20:01:17
кокуууй ЕАЭБке кирип баарын экспорттоп салдыкко, жер-жемиштен тартып мал-жанга чейин, дыйкандар дүркүрөп байып эле жатып калыштыго чиркин, башта эле кирбей бул союзга дешип
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан