Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун апасы Гүлжамал Сакыева дүйнө салды. Ал 64 жашта болгон. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда анын жардамчылары кабарлашты.
Маалым болгондой, маркум эртең Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Баймундуз айылында жерге берилет.
Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан Г.Сакыеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына SUPER.KG порталынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.