Азимжан Аскаровдун ишин кароо 4-октябрга дайындалды

Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча соттук кароо 4-октябрга дайындалды. Соттук кароо Чүй облустук сотунда каралмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин Жогорку Сот Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Үстүбүздөгү жылдын 12-июлдагы соттук отурумунда жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
avtogrand
2016-09-19 13:32:25
Бийлик жакта элди сыйлоо деген калбады жакында бир нерсени көрөбүзго бул кетиште. Канча адамдарды өлтүртгөн адам акталып чыгып атса. Убагында эл ишенип аткан адамдар бирин бири чукуп өлүп атышса.
+7
leilekstan_1987
2016-09-19 14:21:01
Бул бийликтегилерде намыс уят деген жок экенда. Бул адамды туруулой комуп салса.да аздык кылат
+2
plaza85
2016-09-19 14:13:16
Эшек [moderated] сени кудай жазаласын жеткен канкор.
+4
Medina87
2016-09-19 17:16:06
Алы жетпеген акыретчил,- дейт элибизде.
АЛЛА озу адиллеттейт!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан