Бишкекте саммит учурунда жол көзөмөлдөгөн милициянын бутун тебелеген айдоочуга кылмыш иши козголду

Бишкекте саммит учурунда жол көзөмөлдөгөн милициянын бутун тебелеген айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Саммит учурунда жол көзөмөлдөгөн милиция кызматкерин 35-40 жаштар чамасындагы К.Ж. аттуу айдоочу Toyota Wish үлгүсүндөгү унаасын уруксат берилбеген жерге токтотуп жатып милиционердин бутун тебелеп кеткен. Жабыркаган кызматкер ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, айдоочу милиция кызматкеринин эскертүүсүнө карабай унаасын токтотууга аракет жасаган. Айдоочуга "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 1980-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну болгон.

Бейбаштыкка айыпталган айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган тургундун унаасы айып аянтына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
tulpar90
2016-09-19 14:55:10
Сындырып эле кетсе болмок .
-11
nalukg
2016-09-19 15:37:52
tulpar90,biroogo olum tilegi4e ozuno omur tile. Oilonup suylosonor bolo
+1
Rifle_S
2016-09-19 15:23:18
Медицина кызматкерлерине да жумуш учурунда сабап салгандарга да ушундай кылмыш иши козголо турган кылыш керек. Бишкекте эле тез жардамдын кызматкерлерир сабай берет. Иш акырына чыкпай бүтө берет.
+2
Kenje87
2016-09-19 15:23:20
Эми менда сынганго депмин. Кыргызча эле бутурушсо болмок. Тиги милиционерда камчы тийбес канкылдактардан окшойт.
+6
shamshiev.80
2016-09-19 15:26:13
Мискенбаев жыландын куйругун абайлап тепселе деди элего сага анна эми
+6
Aytur
2016-09-19 15:44:40
Милициянердин козу кор бекен качпайбы олумуш болуп туруп алды да! Менин бутумду маршрутка басып кеткен донголок басса эч нерсе болбойт.
+7
Riokyrgyz
2016-09-19 15:47:37
Подстава
+9
Riokyrgyz
2016-09-19 15:47:51
Ме5рн да башымдан откон
+3
Riokyrgyz
2016-09-19 15:48:03
Менин да башымдан откон
+3
urmich-23
2016-09-19 15:55:43
Сотрудниктин буту талкаланып кетпептирби? Кичине байда барат нерсе учун адамды кылмышкер кылган туура эмес деп эсептейм. темир тордун артына барганда адам психологиялык жактан аябай сабыркайт. Биздикилер кылмышкерлерди камабайт эч качан. сиздерге болгон окуя айткым келет ушул эле окуя болгон куну милиция кызматкерлери коомдук маршурттун айдоочусун наша менен кармады. мен кубо болдум. Манас/Боконбаев кочолорунун кесилишинен. Бугун эртен менен ошол жигит дагы эле айдап журот Маршурткасын......
+5
Medina87
2016-09-19 16:19:15
Ой-оой, деги буту сынбаса болду го.
Анын эмнесине айдоочуну каматтырат, жарайт токтотууга уруксат берилбеген жер болсо милициясыз деле айдоочу ал белгини коргон чыгаар?!
Бул жерде экоонун ич-ара соз табыша албай ар кимиси озунукун туура деп "Праваларын качать" эткендерин байкадым. Оздору чечишээр...
0
Alibek-0001
2016-09-19 17:41:53
Ай ай ошон учун итсинер да
+3
Gena1
2016-09-19 20:59:11
Милиция дагы созсуз эле бутун тебелеп кеткенче карап турбай, оздук коопсуздугун сактаса болмок. Анан айдоочу дагы тыюу салган жерге оз билемдик кылып токтогону туура эмес. Экооно тен оз кемчилдиктеринин айынан зыян тартышыптыр. Кырсык да...
0
anonymous
2016-09-19 21:31:09
Акчага сындырып койо беришет да
+1
mem77
2016-09-20 11:37:08
Эми соттой турган киши таппай калышыптырбы... Тигил жакта киши өлтүрүп, кыз зордуктагандарды соттоп алгылачы алгач!!!
0
7.patriot
2016-09-20 15:21:05
Адатынча кочого чуркап чыга калды да белгилуу го булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан