Жайкы туристтик сезон учурунда Бишкек-Каракол унаа жолунда 322 жол кырсыгы катталып, 52 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Жайкы сезон учурунда катталган жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 5,2 пайызга аз катталды. Ошондой эле адам өлүмүнүн саны да 36,5 пайызга кыскарган. Жол кырсыктарынын келип чыгуусуна көп учурунда айдоочулардын унааны катуу ылдамдыкта айдаганы, жол эрежелерин сактабаганы себеп болууда”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.