Бүгүн, 15-апрелде ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Мыйзам долбоорунун башкы максаты – мал чарба азыктарын ветеринардык-санитардык жактан коопсуз өндүрүү, жаныбарлардан жана алардан алынган азыктардын эл аралык соодалашуусун өнүктүрүү. Ошондой эле жаныбарларды багууда, көбөйтүүдө, сатууда, союуда жана союлган малдын керекке жарабаган өнүмдөрүн, өлгөн малдын өлүгүн жок кылууда чарбалык мекемелер тарабынан ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптардын аткарылышы милдеттендирилет. Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.