Борбор калаада унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбор калаада унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы М.Нурадил кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын ВАЗ 21074 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 30 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlist
2016-09-19 17:00:44
Уурулук бул кылмыш,коп ууру кылуу бул бизнес,Ал эми элди тоноо бул-политика...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан