Жалал-Абадда пандустарды курууга мэриянын бюджети жетишсиз

"Жалал-Абад шаарында майыптар арабасында отургандардын кызыкчылыгы эске алынган эмес" деген маалыматты мэриянын өкүлү четке какты. SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан Жалил Сатаров буларды айтып берди: "Шаардын айрым жерлеринде майыптар үчүн араба жүрүүгө ылайыкташтырылган жолдор салынбаганы чындык, бирок бардык жерде шарт жок деген туура эмес. Бул үчүн атайын кызматтар иш жүргүзүп келишет. Жалал-Абад шаардык мэриясы бир күндө бардык жумушту жасай албайт. Ал үчүн мэриянын казынасы жетишсиз".

"Шаарда 3-4 жыл мурда майыптардын араба менен жүрүүсүнө шарт жок болчу. Жаңы салынган мекеме-ишканаларда майыптардын кызыкчылыгы эске алынууда. Буга чейин Советтер Союзунун убагында курулган имараттарда андай шарт каралган эмес", - деп кошумчалады Сатаров.

Эскерте кетсек, окурман 16-сентябрда "Жалал-Абад шаарында майыптар арабасында отургандардын кызыкчылыгы эске алынган эмес" деген маалыматты SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
One
2016-09-20 01:13:19
Жетишсиз жеп алышкан либо болуп алышкан...
0
jurogumdosun
2016-09-20 02:49:25
Жалал-абадды Бишкекке Караганда ондоп эле жатышат, балким Эми эске алуу мн жолду куруп берээр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан