"Гардероб толо кийим болгонуна карабай кийгенге эч нерсе жок". Мындай сөздү ар бир аялзаты айтары талашсыз. Андыктан күзгө ылайыкташкан пальтону башка кийимдер менен айкалыштырып кийүүнү билүү жогорудагыдай маселеден куткарат.
Күз мезгилинин башталышы менен аба ырайы да суук тартып, сулуу айымдар мезгилге ылайыктуу жылуу кийимдерин камдай башташат. Ал эми сүрөттөр топтомунан бул күздө кандай пальтолор модада болору тууралуу маалымат алыңыз. Бул күздө классикалык, жакасы бар, же тескерисинче, жакасы жок, жеңдери жүндөн токулган түрдүү пальтолор модада болот.