“Азиз Батукаевди эркиндикке бошотуудагы коррупциялык иштерге мен катышкан эмесмин”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди бошотуу демилгесин акыйкатчы көтөрүп чыккан эмес. “Менин позициям туруктуу, мен укук коргоо кызматкерлериндей болуп актанбайм. Мен оорулуу кылмышкерлер боюнча мониторинг жүргүзүп турам. Батукаевдин ден соолугу начарлап кеткенде 3 жыл мурун кайрылгам. Ошондой эле башка оорулуулар боюнча да кайрылуу жасагам”,- деди ал. Ошондой эле Турсунбек Акун эгерде бул иште коррупция бар болсо, ал бул иштерге аралашпаганын билдирди. “Мен Батукаев “мыйзамдагы ууру” болгондуктан, кайрылган жерим жок, анын оорусу боюнча кайрылдым. Бул менин жумушум”,- деди акыйкатчы.