Курмантай Абдиев: "Биздин унааны ит менен текшергенин токтотуш керек"

Бүгүн ЖКнын пленардык жыйынында депутат Курмантай Абдиев Ак үйдүн короосунан депутаттардын унаалары ит менен текшерилип жатканын сынга алып, депутаттарга мындай аракет болбошу керектигин айтып чыкты. "Эмне, ушундай эле кооптуу жагдай жаралып жатабы?" деген суроону көтөрдү. Депутат ошондой эле Ак үйдүн тосмосун алып салууну сунуштады. "Ак үйдүн тосмосун алып салалы. Пропусктар бюросунун да кереги жок. Бизге келген жарандар түз эле кирип, маселесин чечип чыга берсин",- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан