Баткен районунда эки кыргыз жараны аткезчилик жүк менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында: "Эки кыргыз жараны аталган райондун Кара-Бак тилкесинде 19-сентябрь күнү кармалган. Алар оор жүк ташуучу унаа менен Тажикстандан 25 тонна таш алып өтүүгө аракет кылышкан. Жүккө тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, эки кыргыз жаранына административдик айып салынды", - деп айтылат.