1 күндө 143 "крутой" автоунаа номуру сатылды

Кыргыз жеринде 19-сентябрда өзгөчө комбинациядагы 143 автоунаа номуру сатылганы кабарланды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, кооз номурларды сатып алууну каалагандардын саны көп болуп, эң көп талап кылынган номурлар 101, 202, 303, 404, 505, 606, 707, 808, 909, 011, 022, 033, 044, 055, 066, 077, 088, 099, 110, 220, 440, 550, 660, 770, 880, 990 деген сандардын айкалышынан турган номурлар болду. Баалары 2700 сомдон 5000 сомго чейин. Буга кошумча көпчүлүгү унаанын мамлекеттик номурундагы тамгалардын "ААА" болушун өтүнүшкөн. Ал эми 200дөн ашык жаран 707 жана 505 деген номурду сатып алууну көздөгөн.

Ошентип, "крутой" номурларды сатуунун алгачкы күнүндө 570 миң сом киреше түшкөнүн, бул акча кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө эмес, республикалык бюджетке түшөрүн убадалады мекеме. Маалыматка таянсак, 21-сентябрда 111, 222, 333, 444, 555 деген, 22-сентябрда 666, 888, 999, 28-сентябрда 001, 777 деген номурларды сатуу үчүн онлайн-аукцион уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2016-09-20 11:56:43
Крутой болбосо кумуран калсын!Ошол акчаны соопчулукка жумшаганым жакшы андан коро.
+9
ere
2016-09-20 12:03:41
ошол номур бир нерсени чечсе жакшы тескерисинче крутой номурду тагып алып дердеңдеп айдам канча өмүрлөр кыйылбаса болгону
+4
rukopashnik
2016-09-20 12:32:27
мага 087 болсо болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан