Өлкө башчыны "чүпүрөк" деген жарандын иши боюнча кийинки соттук кароо 28-сентябрга дайындалды

Бүгүн, 20-сентябрда Свердлов райондук сотунда өлкө башчыны "чүпүрөк" деп жана милиция кызматкерлерин кемсинткен жарандын иши каралууда. Айыпталуучу Расул Алимов залга алынып келинип, судья тарабынан суракка алынды. Соттук кароо учурунда айыпталуучу өлкө башчыдан жана милиция кызматкерлеринен кечирим сурады.

Соттук отурумга жабырлануучу тарап келбегендигине байланыштуу эмки соттук кароо 28-сентябрга дайындалы.

Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан. 43 жаштагы Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинткен жаран кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Seryi-Kardinal
2016-09-20 12:48:24
bir top sudurolot dagy
0
ali1995
2016-09-20 13:24:13
момойуп эле калыптырго видеодо жолборс элего)))
+3
Tom15
2016-09-23 02:59:10
ali1995,
Момоётда статьяны айтып атса.
Балким кыйнашты ким билет
0
bela77
2016-09-20 13:42:46
Эмне адамдар мыкаачы болуп баратканбы, менимче бул адам озунун куноосун сезип туура эмес айтканын моюндаса болду ошол жетиштуу, 5-10жылга камалсын дегендер силер деле кочодо мындай эмес мындан откон жаман создор менен урушасынар го анда силер да камалгыла 5-10жылга. Оозум бар деп эле суйлой бербей.Анда АША, Теке дегендер да камалсын.
+15
Sirduusezim
2016-09-20 14:06:56
Туура соз тууганына жакпайт. Жалган жашоодо жалган суйлосон гана жашайсын эмесе тууганында бир тууган экенин унутат.
+3
_adil_
2016-09-20 14:15:23
Байкуш болуп калыптырго
-1
naida81
2016-09-20 15:41:46
сооп болот, камасын, эл душманы экен го, байкуш боло калганын
-2
sabyr86
2016-09-21 15:12:38
Бечара болуп калыпсың го.арстан аке.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан