Прокуратура өкүлү Текебаевдин артынан аңдыгандар болушу мүмкүн экенин айтты

Буга чейин "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев артынан 5 унаа менен белгисиз адамдар аңдып жүрүшкөнүн айтып, буга жооп алуу үчүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынына Башкы прокуратуранын өкүлдөрү чакырылган. Жыйынга келген башкы прокурордун орун басары Кылыч Токтогулов Текебаевдин артынан 5 унаа менен белгисиз адамдардын аңдып жатканы боюнча тергөө органдарында маалымат жок экенин белгиледи. "Тапшырма берилсе, болушу мүмкүн. Бирок тергөө органдары тарабынан мындай тапшырма берилген эмес. Эгерде сиздер кайрылсаңыздар биз карап чыгабыз", - деп жооп берди Токтогулов.

Андан кийин Текебаев: "УКМК, ИИМден тактап чыгыңыздар. Артымдан ээрчип, телефондорду тыңшап жатышат. Артымдан ээрчип жүрүшкөнү "карма" дегенде кармаганга даярдык болушу мүмкүн. Ал эми Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыровдун качып кетишин эле эмес, Ош окуясына Убактылуу өкмөттүн канчалык тиешеси бардыгы тууралуу тапшырма берди да, туурабы? Козголгон кылмыш ишинин ичинде бул маселе барбы?" - деп суроо салды. Кылыч Токтогулов козголгон кылмыш ишинде объективдүү тергөө жүргүзүү үчүн Ош окуясы боюнча маселе бар экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан