Ош шаарында бүгүн, 20-сентябрда "Курулуш – Yug-Story 2016" жана "Энергетика жана жарыктандыруу – Yug-Energy 2016" деген аталышта III атайын көргөзмөлөрдүн ачылышы орун алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара түштүк регионундагы эң ири көргөзмөлөрдүн катарын толуктайт. Анда курулуш, интерьер, жылытууга керектүү каражаттарды, эшик, терезе жана башкаларды табуу мүмкүн. Көргөзмөгө өлкө аймагынан 25тен ашык ишкана катышат. Алардын ичинде Орусия, Канада, Казакстан, Түркия, Германия, Украина жана Түштүк Кореянын ири ишканаларынын Кыргыз жериндеги өкүлчүлүктөрү да бар.