Акыркы 8 ай ичинде өрт кырсыктарынан өлкөдө 49 адам каза болгон

Үстүбүздөгү жылдын 8 ай аралыгында өлкө боюнча 2099 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 49 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттөн 59 адам жабыркаган, анын ичинен үчөө жаш балдар. Ошондой эле 102 адамдын өмүрү жана 624 миллион сомдон ашуун товардык-материалдык баалуулуктар сакталып калган.

"Өрттөрдүн негизги себептери: өрткө этиятсыздык менен мамиле кылуудан 35,8 пайыз, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 1,1 пайыз, балдардын от менен ойноосунан 10,4 пайыз, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонуудан 6,8 пайыз өрт кырсыгы катталган. Өрттүн жалпы санынан 56,9 пайызы турак жай секторунда болгон. Чүй облусунда 568 өрт кырсыгы катталып, 24 адам каза болгон, Бишкекте - 372, анын кесепетинен 13 адам каза тапкан, Жалал-Абадда - 303, 4 адам каза тапкан, Ош облусунда - 291, анын кесепетинен 1 адам каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaiMak
2016-09-20 15:31:08
Кырсык да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан