Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге салык төлөөдөн четтөөнү болтурбоо тууралуу” Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү менен Армения өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.
Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргыз мамлекети менен Армениянын ортосундагы соода-сатык алакаларын жакшыртуу үчүн мындай эки тараптуу макулдашуулар зарыл. Өткөн жылдын жыйынтыгына ылайык, эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 500 миң доллардын тегерегинде гана болсо, быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгында ал 866 миң долларга жеткен.