СУПЕРСТАН: "Порносайттарга кирүүгө тыюу салуу керекпи?"

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Порносайттарга кирүүгө тыюу салуу керекпи?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Учурда социалдык тармактарда мектеп окуучусунун автобуста эротикалык видео көрүп баратканы кызуу талкууга алынууда. Видео өткөн жумада тартылып, интернетке жүктөлгөн. Ал эми казакстандык басылмалар бул видео Алматы шаарында тартылганын айтышса, Кыргыз жериндеги жергиликтүү басылмалар Бишкек шаарында болгонун айтып чыгышты. Интернет колдонуучулары "Балдарыбызды көзөмөлдөшүбүз керек. Секелек кыздын көргөнүн көрүп уялып, коркуп кеттим", "Бул кичинекей эле кыз экен, эмне көрүп жатканын өзү деле түшүнбөй турат. Кокустан ошондой сайтка кирип калган да", "Апасы азыртадан карап, тарбия бербесе, мындай кыздан кандай эне чыгары белгисиз", "Жаш балдарга жөнөкөй эле телефон алып берүү керек" деген билдирүүлөрдү калтырышууда. Ушуга көз карашыңар кандай, порносайттарга кирүүгө тыюу салыш керекпи?"

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Ооба, ошондой видеолорго тыюу салса жакшы болмок. Логин менен кирип көрө турган кылыш керек. Негизи, толугу менен жаап салуу туура болот, анткени бул сайттардын эч кандай пайдасы жок".

"Логин менен катталып ал видеолорду көрө беришсин. Катталганда жашын карайт да, мисалы, 18 жаштан жогоркулар логин менен кирсе боло тургандай кылып. Катталып жатканда паспортту сканерден өткөргөндөй, ошонун негизинде гана ачыла турган кылып коюш керек".

"Окуучуларга видео көрсөткөн телефон көтөргөнгө тыюу салыш керек, ошондо жакшы болот деп ойлойм".

"Айланайындар, 18 жаштан жогоркуларга уруксат бериш керек деп жатасыңар, анда 18 жаштан жогоркулар телефондорун ар дайым жанына салып жүрүш керек болуп калабы? Кокус 18 жашка чейинкилер телефон таап алышсачы?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kaitpas
2016-09-20 15:48:53
Жаап салыш керек, пайдасы жок зыян.
+3
Eka.
2016-09-20 16:09:09
Порно сайттарды жабуу Кыргызстандын колунан келбейт болгону Кыргызстандын ичинде жургөндөр кире албайт турган кылыш керек
+4
KaiMak
2016-09-20 17:45:29
Eka.,туура жаба албайбыз биз... Адамдын озунон да андай сайтка кириш кирбеш.
+1
Maks_shop
2016-09-20 15:56:57
ооба вообще жок кылып салуу керек
+1
salimbek87.kg
2016-09-20 17:26:39
Срочна жаап салыш керек андай сайттарды
.
+1
mara95kgz
2016-09-21 01:22:39
жашы жете элек оспурумдорго заманбап телефондорду сатып плып бербоо керек..телефондун озу да зыян келет нормалдуу жактан алып
+1
Aruukeramazan
2016-09-21 14:37:02
Албетте жабуу керек. Оспурумдун эле эмес, чондордун да психологиясын бузат.
0
Riokyrgyz
2016-09-21 21:41:53
Туура.жабыш керек. Мен да школьникмин. Жашым 17де.бирок почта ачканда 90мун деп деле ачып алсан болот. Эч Ким изилдебейт. Мен да ошентип коруп калдым. Астагфируллох. Эми корбогонго аракет кылам. Мага окшогон дагы канча бала корот. Бирок 18+ дан ойдо деле коруу куноо болот. Шариятта. Унутпайлы. Туугандар.тообо кылалы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан