Чүй облусунун Москва районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине 61 жаштагы Т.М. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адам көчөдө токтоп турган Форд Фокус үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан. "Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү 37 жаштагы Т.Б. уурдалган унааны айдап бараткан жеринен Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 26-чакырымында кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан