Чупакабра деген жаныбар жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов билдирди.
"Биздин департаментте чупакабра деген жаныбар катталган эмес. Негизи, мындай жаныбар жок. Чупакабра деген түшүнүк буга чейин маалымат булактарына чыгып кеткенден кийин пайда болгон. Эрте жазда чөөлөрдүн, иттердин жүнү түшүп, коркунучтуу көрүнүп калат. Жаз алды менен жаныбарлардын баары арык болот. Адамдар ит менен чөөнүн ушундай абалдагысын көрүп чупакабра деп атап жаңылып жүрүшөт", - деп билдирди Турдуматов.
Мындан тышкары Турдуматов "чупакабра - ит менен чөөлөрдү аргындаштыргандан кийин пайда болгон жаныбар" деген версия да чындыкка дал келбестигин айтты.
Айта кетсек, бүгүн окурман Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын тургундары малдын канын соргон жандыкты атып өлтүрүшкөнүн SUPER.KG порталына билдирген.