Үңкүр-Тоодо 5-кылымдарда Эдил хан аскерлери менен бүтүндөй Фергана өрөөнүн көзөмөлдөп турган

Үңкүр-Тоодо 5-кылымдарда Эдил хан аскерлери менен Фергана өрөөнүн көзөмөлдөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Аксы районунун тургуну, тарыхчы Сапар Наркеев билдирди.

"Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияны Бозбу тоосундагы Ителги аймагына которуунун канчалык зарылчылыгы бар? Ителги аймагы деңиз деңгээлинен 1300 метр бийиктикте турат. Ал эми Үңкүр-Тоо 1749 метр бийиктикте жайгашып, бүтүндөй Фергана өрөөнүн толук көзөмөлдөөгө мүмкүн. Бул стратегиялык мааниси бар жер. Бул жер ата-бабабыз канын, жанын берип мурас кылып кеткен жер", - деп билдирди Наркеев.

Эскерте кетсек, Кербен шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылдын июнь айында Бозбу тоосундагы Ителги аймагына кошумча станция куруп, берүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жер бөлүп берүүнү сессияда карап, токтом кабыл алышкан. Чечимдин негизинде 30 сотых жер бөлүнгөн. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиргендей, учурда жолдорду куруу, жайларын даярдоо иштери жүрүүдө.

Тарыхчы Сапар Наркеев Үңкүр-Тоо боюнча буларды айтып берди: "Уңгар" деген сөз "он кары эл" деген түшүнүктү берет. Илгери Аксы чөлкөмүндөгү кыргыздар согушка кирерде алдынкы катарда атайын даярдалган 10 түмөн аскери болгон. Алар Үңкүр-Тоону аскердик аймак катары пайдаланышкан".

Ал: "Жалпы кыргыз эли Унгар-Тоону Үңкүр-Тоо деп атап алышы уят иш. Бул тоонун тарыхый аталышын бурмалап Үңкүр-Тоо десек, тарыхты бурмалаган болобуз", - деп кошумчалады.

Тарыхчынын маалыматына ылайык, биздин замандын 5-кылымдарында Эдил хан деген жашап өткөн. Ал аскерлери менен Үңкүр-Тоодо жайгашып, бүтүндөй Фергана өрөөнүн көзөмөлдөп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Moskva.kg
2016-09-20 19:30:48
Унгар тоону эч ким ала албайт кыргыз эли илгертен бери эл жер деп кан тогуп келишкен
+7
Aygir
2016-09-20 22:57:13
Moskva.kg,азыр кеч эмес, чокусуна танкты,пушканы,120 салдат коюп коюшка.
+4
Sharos3
2016-09-21 02:47:20
Демек Унгар тоо экенда кыргызча эле
+1
askarkgaskar
2016-09-21 11:00:52
Sharos3, оа ошондой деп эле айтат , жакында эле чыкты YнкYр тоо деп укансайын эле кыжырга тие турган болду
0
shankol88
2016-09-20 19:50:26
Биздин жегиштерди эл шайлагандан кийин елди,жерди ойлоп тез арада бул маселени чечиш керекда.
+5
plaza85
2016-09-20 20:27:36
Эртеби кечпи ал жерге кыргыз элиминин жери болот.Озбек туугандар ал жерде бизге тамак кылып берип турат.
+3
Namystan
2016-09-20 23:24:19
plaza85,элимдин же элинин
0
Rifle_S
2016-09-20 21:15:02
120 койдун ордуна, нукура кыргыз деп жүрөгү соккон мекенчил депутаттар керек. Каяктагыларды добуш алуу үчүн аралаш куралаш кылып чогултуп алып, аларың кыргызга бир күйүп койбойт. Негизги маанилүү орундарга нукура кыргыздар отурса , башадамандык болбойт беле деп ойлойм.
+6
Sirduusezim
2016-09-21 11:41:41
Rifle_S, тупа туура каны кыргыз чыныгы кыргыз адамдар болуш керек.
+1
anyshka
2016-09-21 12:52:38
Rifle_S, жомокту айтасында. Ал жака кошоматчылыкты билген слабый бай адамдар отурат. Эмнегедир Жанар Акаевден копту умут кылчу элек. Ал деле унчукпайт. Креслосунан ажырайм деп коркуп жатабы?
+1
Arslan12
2016-09-21 00:24:13
Тойлорду кобойтпой ушуга окшогон жерлерди сатып болсо да чечип койбойбу, 60жылдык мааракелер керек беле, режиссерго эле 150млн коротуп жатса, ошого окшогон акчага чакан завод-фабрика салса деле жете турган акча экен!!!!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан