Депутаттар Жогорку Кеңештин медалын түзүүнү сунуштоодо
Парламент депутаттары Каныбек
Иманалиев менен Мирлан Бакировдор Жогорку Кеңештин медалын түзүүнү сунушташууда.
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, бул медаль менен КРнын жарандарын, чет элдик жарандарды,
юридикалык жактарды, демократиянын негиздеринин алдыга жылуусуна,
парламентаризмдин өнүгүшүнө салым кошкон эл аралык уюмдарды сыйлоого болот. Демилгечилер мындай кадам Кыргызстандын парламенттик республика катары
калыптанышына багытталган активдүү жана натыйжалуу демократиялык негиздердин
алдыга жылышына жана чет элдик мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен кызматташуусуна
шарт түзөт деп эсептешет.