Түркиялык басылмалар: "Атамбаев учурда Түркиянын курорттук Измир шаарында"

Президент Алмазбек Атамбаев медициналык кароодон өтүп, жеке учагы менен курорттук Измир шаарына учуп кетип, учурда "Шератон" мейманканасында. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда түркиялык "Haberler" маалымат агенттиги билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 19-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы кабарланган. Мындан тышкары бүгүндөн баштап Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан