Борбордогу Махатма Ганди көчөсүндө колго жасалган жардыруучу зат жарылды

Борбор калаадагы Махатма Ганди-Урицкий көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык дүкөндүн жанынан колго жасалган жардыруучу зат жарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG порталына күч органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги дүкөндүн жанынан колго жасалган жардыруучу заттар табылган. Окуя болгон жерге тиешелүү мекемелердин кызматкерлери чакырылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында целлофанга салынган 5 даана колго жасалган жардыруучу зат табылган. Алардын бирин сапёрлор жардырышканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан