Бишкек шаарынын Махатма Ганди көчөсүндө табылган жарылуучу зат боюнча УКМК расмий билдирүү таратты

Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө табылган колго жасалган жарылуучу заттар зыянсыздандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:30 чамасында 102 кызматына "Махатма Ганди-Первомайский тар көчөсүндөгү муниципалдык дүкөндүн жанында шектүү кара түстөгү целлофандар жатат" деген маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери 2 целлофандан колго жасалган жардыруучу заттарды табышкан, жакынкы аймактан адамдар коопсуз жайларга чыгарылып, аймак курчоого алынган. Сапёрлор колго жасалган жардыруучу заттарды зыянсыздандырышкан.

"Жабыркагандар жок. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Улуттук коопсуздук комитети, эгер сиздер шектүү нерселерди көрсөңүздөр, бул тууралуу УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө тез арада билдирүүнү өтүнөт. Байланыш телефондору: (0312) 66-04-75 же "102" кызматы", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Aika96
2016-09-21 10:58:06
шоу, шоу жана шоу... эптеп эле элдин конулун башка жака буруу болуп жатат.
+1
Sharos3
2016-09-21 11:04:35
Жарылды деп журбойбу
-3
Sharos3
2016-09-22 10:43:30
Фрунзе исанова тынчпы деги
0
Elvanu
2016-09-21 11:19:15
Мункун жон гана спектакль ,саясаттын сасык оюндары .
Жону жок эс алып куротто жургон жок,чыгаар Аша... Кылгылыкты кылып кыл жип мн бууп дегендей .
Карапайым эл оз тирилиги мн алек .Бийликтен умут узуп койгонбуз качан эле.Ишеничти актабайт!!! Кыргыз элим жерим ,мекеним тынчтык болсун жерибизде онугуп осолуу ...
+3
CAAT
2016-09-21 11:57:22
Адамдар кызыксынар э башка мамлекеттерди корбой атасынарбы кандай жарылуулар болуп, канчалаган адамдар набыт болуп атышат. Силерге алдын ала этият болгула деп эскертуу берип атса шоу, саясий оюн дейсинер. Заманды коруп атасынар ошондой кучтуу мамлекеттерди жардырып аткан бизге окшогон кичинекей алсыз мамлекетти талкалап салыш оюнчукго буларга. Кудай озу сактасын кыргыз элими, жерими.
+7
Bekbolotovich
2016-09-21 12:05:56
Деги довольный адам барбы. Эмне жанылык болсо эле шак президентке асыласынар. Бул жактан минтип даттана бербей ак уйдун алдына эле баргылачы башты оорутпай. Жаш тайынардан ушундайсынар.Карыганда такыр эле алжып каласынарго.
+9
Bekbolotovich
2016-09-21 12:09:03
Зыянсыздандырылды дегени ошо жарылганы. Ойлончу бир аз.
0
Beksultan-007
2016-09-21 12:12:11
Эгерде жардырам деген максатта колдонулганда давно жарылмак.бул оюнго деп ойлойм. Тынчтык эле болсунчу. Мындай бекасиет оюндарды токтоткулачы. Оюндан от чыгат...
-1
Sharos3
2016-09-22 10:21:41
Beksultan-007,
Жардырам деген киши жон эле жардырып
салат, кайсы келесоо жон эле таштап коюп
телефон чалсын бир жерде бомба жатат деп
Министерстводон кысым болсо, кылмыштын бети
ачыш керек милиция иштеп атат деп куноосуз
бир байкушту подстава кылып же болбосо ушундай
бир шоу спектакль ойлоп табышат
0
Ayida
2016-09-21 12:31:11
Тообо колго жасалса деле катуу жарылат экен.Мен абдан коркуп кеттим уйдо отуруп алысыраак эле уйум ошол жака ушунча угулду. Аллах сактасын кимдир бироолор биздин УКМК ны сынап атат окшойтго.Аллах сактасын элди
+5
Abdurahman
2016-09-21 14:46:17
Ayida,Мумкун тескериинче УКМК элди сынап аткандыр
-1
Sharos3
2016-09-22 10:33:36
Сен кайсы жактан жарылганын уктун?
0
Zanzibara
2016-09-21 18:57:53
Сто пудов бийликтин спектакли экени акыл эси бар адамга көрүнүп турат. Кудай сактасын, эгерде, чындап ушундай ниети болсо ошончо жасап анан келесоого окшоп жөн жай таштап коймок беле. Бийликтегилер элди такыр эле келесоо ойлоп жатса керек ишенет деп))))
-2
Sharos3
2016-09-22 10:32:21
Zanzibara, сеники туура. Бирок макулуктар
тушунбой минус басып атышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан