Коррупциялык факт боюнча маалымат бергендерге келтирилген чыгымдын 30 пайызын төлөп берүү каралууда

Коррупциялык факт боюнча маалымат берген жарандардын укуктары корголуп, келтирилген чыгымдын 30 пайызын төлөп берүү каралууда. Бул максатты көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында экинчи окууда каралып жатат.

Демилгечи депутаттардын берген маалыматына караганда, бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдардагы коррупциялык маалыматты билдирген адамдарды коргоону камсыз кылуу, коррупциялык жол менен мамлекетке келтирилчү чыгым сакталып калса, маалымат берген адамга каражаттын 30 пайызын берүүнү көздөйт. Демилгечилердин бири депутат Аида Салянованын билдиришинче, эгерде жалган маалымат берген болсо, ал жаран Кыргыз Республикалык мыйзамдарына ылайык жазаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан