Ысык-Көл. Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында 13-апрелде белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди. Мааракеге вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Абсамат Масалиевдин жакын туугандары, замандаштары, комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген жетекчилер, эмгек ардагерлери, райондук, облустук жана шаардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана башкалар катышты. Маараке мамлекеттик ишмердин басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүү менен башталып, андан соң өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов доклад жасады. А.Масалиевди эскерген көптөгөн сөздөр айтылды. Ошондой эле эскерүү иш-чарасы чакан концерттик программа, көргөзмө менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан