Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун Генералдык ассамблеянын 71-жыйынында дипломатиялык маданиятты четке кагып, мамлекеттердин бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк көйгөйлөрдү чече албагандыгын кескин сынга алды.
“Жарандар жана алардын лидерлеринин ортосунда абдан чоң ажырым бар. Экстремисттер адамдарды “өзүбүздүкү” жана “чоочундар” деп бөлүүгө жетишти. Адамзат кооптуу абалда калууда. Дүйнө боюнча 130 миллион адам жашоого керектүү азыктарга муктаж, алардын көбү жаш балдар жана өспүрүмдөр. Бул келечегибиз кооптуу абалда экенин кабарлайт”, - деди Пан Ги Мун.
Ошондой эле башкы катчы мамлекеттерде болуп жаткан апааттарга өздөрү кол кабыш кылып жатканын сынга алып, жакында катталган гуманитардык жардам кербенине болгон кол салууну “адамзаттын пастыгынын жеткен чеги” деп баалады.