Ош шаарынын күнүн салтанаттуу белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө

Жыл сайын 5-октябрда Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленип келет. Быйыл иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүгө даярдыктар көрүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда уюштуруу комитетинин жыйыны орун алды. Ага тиешелүү башкармалыктардын башчылары жана вице-мэр Замирбек Аскаров катышты. Анда масштабдуу иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү боюнча сөз болду.

Вице-мэр З.Аскаров улуттук оюндарды өткөрүүдө ат майданды колдонууну жана сейил бактарында, эс алуу жайларында спорттук мелдештерди уюштурууну тапшырды. Майрамдык салтанат Ош шаарынын борбордук аянтында башталат. Анда театрлаштырылган шоу, чыгармачыл топтордун өнөрлөрүн, флешмобдорду көрүүгө болот. Мындан тышкары А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Umar.
2016-09-21 12:03:43
Кана эле Ошто болгонумда.
+4
Kadyrbek09.10.2015
2016-09-21 12:38:16
Ооо майрамдайт экенбиз да бар бол Ош шаарым
+2
Khabib
2016-09-21 15:03:33
Ош шаарымы абдан сагындым
+2
Medina87
2016-09-21 18:23:27
Ордолуу Ош шаарымда балалык чагымдын, студенттик кундорумдун изи бар.....
Майрамын куттуу болсун ОШ шаарым!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан