Дастан Бекешев: "Класстык чиндер үчүн 1 жылда 106 миллион сом сарпталат"

Кыргызстанда класстык чиндерди берүүгө 1 жылда 106 миллион сом сарпталат”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-апрелде депутат Дастан Бекешев билдирди. “Каржы министрлигинин берген маалыматы боюнча, ар бир класстык чини бар адамдарга маянага аз өлчөмдөгү эле каражат кошулат экен, 350 сомдон 1000 сомго чейин. Ошон үчүн класстык чиндерди алып салып, айлык акысын көтөрүү керек”,-деди ал. Ал эми депутат Исмаил Исаков класстык чиндерди алуу боюнча мыйзам долбоорун колдоорун айтты. “Чин алыш жана чин бериш өзүнчө бизнес болуп калды. Мунун баарынын эмне кереги бар?” -деди эл өкүлү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан