"Бишкек асфальт-сервис" ишканасына таянуу менен Бишкек мэриясы кабарлагандай, жыл соңуна чейин Бишкекте 58 ички жол оңдолот. Учурда Аламүдүн суусунун жээгиндеги жолдун Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү, Туңгуч кичи районундагы ички жолдун Анкара көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки жана 8-кичи райондогу Токомбаев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду.