Борбор калаада "мектепке кирип акча уурдаган" деген шек менен 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 46 жаштагы Ж.П. кайрылган. Анда ал 6-сентябрь күнү саат 09:30 чамасында №69-мектептен белгисиз адамдар иш бөлмөсүнө кирип, капчыктан 7 миң сом уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.К. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.