SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Айылдык кыздар жеңил ойлуу болушабы?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Заманыбыз ошого бара жатат, шаарда жеңил ойлуулар андан да көп. Чет жакка чыккандар андан өтөт деп ойлойм. Бирок кай жерлик болбосун, баары тарбиядан жана адамдын өзүнөн көз каранды".
"Көрбөгөндүн көргөнү курусун" деп бекеринен айтылбаса керек".
"Ар бир нерсе адамдын өзүнөн болот да. Бузула турган кыз атасынын төрүндө туруп деле бузулат".
"Айыл болобу, шаар болобу, тарбиядан жана кыздын өзүнөн. Айылда деле сонун, акыл-эстүү кыздар бар, шаарда деле. Жогоруда айтылгандай, бузулгусу келгендер атасынын төрүндө деле бузула берет".
"Жигиттерге да, кыздарга да ынсап берсин деп тилейли".
"Ар кимдин табиятынан. Миң акыл үйрөтсөң да айылдыгың деле, шаардыгың деле дээринде жок болсо, ошол жеңил ойлуулугуна барат".
"Адамдардын манжасынын изи бири-бирине эч окшобогон сыяктуу эле, адамдардын күлк-мүнөзү да
бири-бирине таптакыр окшош эмес. Шаардык-айылдык деп бөлүп койгон болбойт. 1 миллион кыз болсо, 1 миллион мүнөз бар. Жеңил ойлуулугу айылдык же шаардыгына карабайт. Бишкектин кичи райондорунда же борборунда чоңойгон кыздар эле моданы кууп жараштырып жүрбөсө, жаңы конуштарда жашаган кыздардын айылдыктардан айырмасы жок".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.