Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жыл сайын 20 миңден ашуун балдар жана аялдар дарыланышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башчысынын орун басары Гүлзат Маймерова билдирди.
Белгилүү болгондой, Улуттук эне жана баланы коргоо борбору 1961-жылдан бери иштеп келет. Аталган борбор акушердик, гинекологиялык жана педиатрия тармагында оор абалдагы эне жана балдарды дарылайт. Бир жыл ичинде 5,5 миң эненин төрөтү катталат.
Айта кетсек, аталган борбордо 1123 кызматкер эмгектенет. Анын ичинде жогорку категориядагы 308 дарыгер бар. 13 медициналык илимдин доктору, 4 профессор иштейт. Бул борбор быйыл 55 жылдык мааракесин белгилейт.