Депутат: "Пенсияга эрте чыккан аскер кызматкерлери башка жумушка орношо албай калышууда"

Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында депутат Азамат Арапбаев аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну сунуштап чыкты. Депутаттын билдиришинче, аскер кызматкерлери эрте эле пенсияга чыгып алып, жумушсуз калышууда. "Подполковниктер, полковниктер 47-53 жаш курагында эле пенсияга чыгып кетишсе, башка чиндегилер деле 50 жашка чыкпай эле пенсияга чыгышат. Пенсияга чыгуу курагын жогорулатышыбыз керек. Бул кадам Социалдык фондго жана аскер кызматкеринин өзүнө жакшы болот, себеби көпчүлүк ишканалар "пенсияга чыгыптырсың" деп жумушка албай коюшат. Ошондуктан өкмөт ушул сунушту карап чыгуусу керек", - деди Арапбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан