Орусиянын Санкт-Петербург шаарында таштанды таштоого чыгып, дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 18-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында болгон.
“19-сентябрь күнү полицияга 48 жаштагы кыргыз жараны кайрылган. Анда ал 17 жаштагы кызы таштанды таштоого чыгып, ошол боюнча дайынсыз экенин айткан. Ошол күнү ал жынсы шым, күрмө кийип жүргөн. Учурда бул боюнча текшерүү жүрүп жатат”, - деп жазышууда орусиялык басылмалар.