Ош шаарында Эл аралык интеллектуалдар форуму аяктады

Ош шаарында Эл аралык интеллектуалдар форуму аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Орусия, Англия, Франция, Чехия, Кытай, Түштүк Корея, Түркия, Азербайжан сыяктуу 11 өлкөдөн белгилүү окумуштуулар, маданият, адабият, кино тармактарынын ишмерлери, саясатчылар, теологдор, журналисттер жана тарыхчылар катышкан.

Маалым болгондой, форум маданий программалардын коштоосунда өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында форумчулар мамлекеттер аралык маданий мейкиндикти кеңейтүү, маданий диалогду күчөтүү, азыркы доордогу маданияттын ордун жана милдетин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан