Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жол кырсыктарынын 74 пайызы айдоочулардын шалаакылыгынан, калган бөлүгү жөө адамдардын айынан жана унаа техникаларын туура эмес пайдалануудан улам болуп жатканын айтты. Анын билдиришинче, ири жол кырсыктары Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт унаа жолдорунда болот.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жол кырсыктарына айдоочулар өздөрү күнөөлүү экенин белгиледи. "Күнөөнү мамлекетке койгонго болбойт, жоопкерчилик, биринчиден, айдоочулардын өздөрүндө болушу керек. Өздөрүн жана жанындагы жүргүнчүлөрдү ойлоп, абайлап айдашы керек да", - деди.
Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров кырсыктарга унаа жолдорундагы жол белгилери, жөө адамдар өтүүчү бөлүктөрдүн өчүп калуусу түрткү болуп жатканын белгилесе, депутат Дастан Жумабеков жолдордун жыртык-тешиктери кырсыкка себепчи болуп жатканын мисал кылды.