Абактарда жазасын өтөп жаткандардын тамагына күнүнө 160 сом, ал эми кызматкерлерге 60 сом бөлүнөт

Абактарда жазасын өтөп жаткандардын тамагына күнүнө 160 сомго чейин, ал эми кызматкерлерге 60 сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, учурда абактарда жазасын өтөп жаткан жарандардын саны 9 миңге жакын.

Абактарда жазасын өтөп жаткандардын тамагына күнүнө 100 сомдон 160 сомго чейин акча каражаты бөлүнөт. Алсак, кош бойлуу аялдарга, оорулуу жана ооруканада жаткан жарандарга 160 сомдук тамак берилет. Оор кылмыш кылгандар же өмүр бою соттолгондорго болжол менен күнүнкү тамагына 130 сом сарпталат. Ал эми кызматкерлердин тамагына мурда 30 сом бөлүнсө, 6 айдан бери 60 сом болуп калды”, - дейт Элеонора Сабатарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
plaza85
2016-09-21 16:26:15
Кыргызстан кылмышкерлерди бука кылып семиртип мамлекеттик кызматкерлерди эшектей иштетип жаткан турбайбы.
+21
STAN_KG
2016-09-21 20:31:53
plaza85, Ошону айтпайсыңбы ыя! Уялганымдан денелерим чымырап кетти. Келечегибиз деген балдарга 10 сом да, адам өлтүрүп, уурулук кылган шылуундарга 160 сом, кызматкерлерге кантип 60 сом болсун!??? Кантип!? ушунчалык жаман абалга туш болдум! Эх эх арман дүйнө, жалганы чынга, чындык калпка айланган шордуу дүйнө!!!! ыйлагым келеттт.....
0
Isken.der
2016-09-21 17:26:09
Бир кылмышкер почти үч кызматкердин тамагын жейт экен...
+4
Rifle_S
2016-09-22 08:36:15
30 кылмышкерге 1 кызматкер кызмат кылат болуш керек.
0
maks.kg.11
2016-09-21 17:43:28
Ишениш кыйын
0
Aytur
2016-09-21 18:13:15
1 тыйын которбогон мамлекеттик бала бакчалар бар тамагына 600 тарбиячыга 1000 сомдон толошот.
0
jengoo
2016-09-21 19:47:25
Aytur,Мектептеги жаш балдардын тамагына 5-6 сом толойт экен.
0
STAN_KG
2016-09-21 20:27:46
jengoo, Туурасын жазганга аракет кылалы. Учурда мектептеги башталгыч класстардын окуучуларына 10 сомдон төлөнөт. Бул өтө аз. Ал эми түрмөдө жаткандарга 40 сом, балалууларга 100 сомдон ашык төлөнбөшү керек. Түрмө кызматкерлерине 150 сомдон каралса жакшы болмок. Таң калып бүтө албай жаткан чагым
0
Rifle_S
2016-09-22 08:37:07
jengoo,мектептен акча аясаң, түрмөлөрдү мажбур курасың деген.
0
kursantvs
2016-09-22 00:11:19
биз аскер окуу жайындагы курсанттарга да кунуно 60сомдон болунот 3 маал тамака.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан