"Эйр Манас” компаниясы Бишкек-Кашгар-Бишкек туруктуу аба каттамын ачты

19-сентябрда Кытай жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жана учуу географиясын кеңейтүү максатында “Эйр Манас” компаниясы Бишкек-Кашгар-Бишкек туруктуу аба каттамын ачты.

Бишкек-Кашгар-Бишкек туруктуу аба каттамы 189 орундугу бар EX-37802 номурундагы ыңгайлуу Boeing 737-800 учагы аркылуу жумасына эки жолу аткарылат. Аталган учак NG (Next Generation) жаңы муундагы, үнөмдүү жана экологиялык таза модель болуп саналат. Мындай учактан Кыргыз Республикасында экөө болсо, алар “Эйр Манас” компаниясынын карамагында.

Эске салсак, EX-37802 номурундагы Boeing 737-800 учагына "Эйр Манас" компаниясы СССРдин Эл артисти, кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын ыйгарган. Кашгар шаары Кытайдын батыш аймагында жайгашып, Синьцзян-Уйгур автономдук аймагынын чоң шаарларынын катарын толуктайт. Туруктуу каттамдарды аталган шаардын “Kashi” аэропорту кабыл алат. “Эйр Манас” компаниясынын Бишкек-Кашгар-Бишкек каттамы бул аэропорт үчүн биринчи эл аралык каттам болуп, мунун урматына майрамдык кече болуп өттү.

Маалымат үчүн: Бишкек-Кашгар-Бишкек каттамы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылып, жалпы учуу убактысы үчүн Бишкек-Кашгар аралыгына 2 саат жана Кашгар-Бишкек ортосуна 2 саат 10 мүнөттү сарптайт.

Учуу - ар бир жарандын укугу!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
keba300989
2016-09-21 17:39:37
билет баасын билсек болобу
+2
ramik_87
2016-09-22 17:44:48
keba300989, http://airmanas.com/ru/index.html сайтында баалар бар экен
+1
tynkatar03
2016-09-21 21:38:33
Жакшы Жакшы. Главный кытайлар учуп келбесе эле болду жайнап
+5
vangolu
2016-09-21 22:16:45
мадинадагы уйгурлар жыргайт экен да
+1
sungjinsystem
2016-09-22 09:48:55
Кореяга качан ачылат, кыргыздар кобойуп калды.Казакстан,озбекистан аркылуу каттап тажады эл.
+3
kyrgyzhstan
2016-09-22 17:48:35
Бишкек-Сеул жокбу ким билет
+1
sungjinsystem
2016-09-22 19:05:06
kyrgyzhstan,ошол жок кореядагылар кыйналып пересадка менен каттайт.Жок дегенде жумасына бир жолу ачып койсо жакшы болот эле.
+2
Beksultan-007
2016-09-22 17:58:53
Виза мененби ошондо
+2
AKCAHAT
2016-09-23 11:00:09
Beksultan-007,ошону мен да сурайын дедим эле. Транзит мн учсак виза албайт бекенбиз? Супер Инфо жооп берип кое аласынарбы? Отунуч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан