Бишкекте 14 жаштагы Бекболсун Замирбек уулу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2002-жылы туулган Бекболсун Замирбек уулу үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Эгерде сүрөттөгү баланы көрүп-билгендер болсо, (0550) 10-28-72 же (0312) 43-28-15 телефон номурларына чалып койсоңуздар.