Аксы районунун тургуну уулунун өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп жатат

Бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаарында маалымат жыйынын өткөргөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну Жумагүл Шабданова уулунун өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү экенин айтты. Жабырлануучунун айтымында, ал февраль айынын аягында уулунун тиш түбүндөгү жараатын дарылатуу үчүн Аксы райондук ооруканасынин тийиштүү бөлүмүнө алып барса, дарыгерлер "тиш түбүндөгү ириңдеген көңдөйдү дарылоо биздин тармакка караштуу эмес" деп уулу Жылдызбек Бекмырзаевди кабыл албай коюшкан. “1-март күнү Жылдызбекти Жаак-сөөктөр хирургиясына жаткырууга аракет кылдык. Бирок ал жактан түшүнбөстүккө жана паракорлукка кабылдык”,- дейт эне. Көп өтпөй уулу каза болуп калган. Жабырлануучу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жана ИИМге кайрылып, аталган аймактык оорукананын дарыгерлеринин ишин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан