"Бензиндин баасына 1 сом кошуп, топтолгон акчага жол белгилерин орнотуу керек" деп сунуштады депутат

Жогорку Кеңеште миграция, чек ара, жол кырсыктары жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча маселени талкуулоо уланууда. Жыйын учурунда депутат Сайдулла Нышанов жол белгилери боюнча көйгөйгө токтолуп, жол белгилерин орнотуу үчүн күйүүчү майдын баасына 1 сомдон кошууну сунуш кылды.

"Маселен, күйүүчү майдын баасы 39 сом болсо, 40 сомго чыгарып коёлу. Күйүүчү май саткан компания жыйынтыгында түшкөн каражатты бюджетке которуп берет. Ар бир литрден 1 сомдон түшсө, ал каражатка жол сызыктарын, жол белгилерин орнотуп алабыз. Унаа ээлерине да жол белгилери боюнча жакшы шарт түзүлүп калат", - деди Нышанов. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков депутаттын мындай сунушун карап чыгарын убадалады.

Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев базарлардын жанында жөө жүрүүчүлөр үчүн жер астынан же бийиктен өтүүчү өтмөктөрдү салуу керектигин сунуш кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан