Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында өкмөт тарабынан миграция, жол кырсыктары жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу чаралары тууралуу маалымат берилип, кызуу талкууланды. Бирок депутаттар өкмөттүн өтүнүчү менен мамлекеттик чек арадагы маселелерди жабык эшик артында талкуулоо чечимин кабыл алышып, журналисттер сыртка чыгарылды. Депутаттардын чек арадагы кырдаал боюнча суроолоруна өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт өкүлдөрү жооп беришмекчи.
Эскерте кетсек, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларында демаркация жана делимитация иштери толук бүткөн эмес.