Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу маселени иликтөөчү депутаттык комиссия биринчи жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште күндүн биринчи жарымында 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу маселени иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны болду. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп депутат Болот Шер, төраганын орун басарлыгына Канатбек Исаев жана Дамира Ниязалиева шайланды. Жыйында уюштуруу маселелери каралып, комиссиянын иш-планы аныкталып, бардык укук коргоо органдарына суроо-талаптар жиберилди. Мурда кабарлангандай, жогоруда аталган убактылуу депутаттык комиссиянын курамына ар бир парламенттик фракциядан экиден жана депутаттык топтордон депутаттар кирген. Алар: Жоомарт Сапарбаев, Болот Шер, Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, Дамира Ниязалиева, Эркин Сакебаев, Канатбек Исаев, Алмазбек Баатырбеков жана Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан