Ат-Башы районундагы мектептердин биринин жанынан шектүү баштык табылып, текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрь күнү саат 14:50 чамасында Д.Керимбеков атындагы орто мектептин жанынан шектүү баштык табылган. Аталган дарекке куткаруучулар жана РИИБ кызматкерлери барып, аймак курчоого алынган.
"Саат 16:30 чамасында Чек ара кызматынын кызматкерлери шектүү баштыкты текшеришип, анын ичинде жарылуучу зат жок экендигин аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.