Өткөн суткада өлкөдө 18 өрт кырсыгы катталып, Жети-Өгүз районунда 500 түк чөп күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте 1, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталган.

Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая Поляна айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Манас көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан 500 түк чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын от менен ойношкону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан