Парламентте Аксы районундагы Ак-Терек каналын куруп бүтүрүү зарылдыгы айтылды

Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Рада Туманбаева Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушун бүтүрүү зарылдыгын билдирди. Депутат каналдын курулуп бүтпөгөнүнө байланыштуу суунун көбүн Өзбекстан пайдаланып жатканын айтат.

"Каналдын курулушу 1996-жылы башталып, 2000-жылы токтотулган. Ошондон бери аяктай элек. Курулуп калса аймактагы 400 гектар жер сугат суу менен камсыздалмак. Ишти баштай берсек, каражат булактары табылып калар. Ал эми райондогу Иринжит каналы 2014-жылы ишке берилген. Каналдын нугу жергиликтүү жашоочулардын үлүш жеринен өткөндүктөн, жер ээлерине компенсация төлөө керектигин айтып кайрылганымда Айыл чарба министрлиги макул болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин төлөнө элек, 2017-жылдын бюджетине да кирбей калыптыр", - деди Туманбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан