13-апрелде "адамды токмоктоп өлтүргөн" деп шектелип Чүй облусунун Лебединовка айылынын 32 жаштагы Т.И. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кырсыктуу окуяда денесинен оор жаракат алган аталган айылдын 40 жаштагы В.П. аттуу тургуну ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Алдын ала алынган иликтөөлөргө караганда, бул окуя спирт ичимдигин ашкере көп ичүүдөн келип чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, анда ал 8-15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.